26-октябрда Кыргыз Футбол Биримдигинин Аткаруу комитетинин мүчөлөрү менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Лигасындагы футбол клубдарынын жетекчилеринин ортосунда жолугушуу өттү.
Жолугушуу КФУ тарабынан футбол клубдарынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Лигасындагы беттештерге катышууга чет элдик оюнчулардын лимити боюнча бир нече өтүнүчтөр келип түшкөндөн кийин демилгеленген.
КФУнун Аткаруу комитетинин мүчөсү жана Азия футбол клубунун президенти Өмүрбек Токтогулович Бабановдун азыркы лимитти алып салуу демилгеси да каралды.
Маселе клуб өкүлдөрү менен биргеликте талкууга коюлуп, ар бири өз позициясын билдирди. Талкуудан кийин клубдардын консенсусу КФУнун Аткаруу комитетинин кароосуна сунушталды.
Жолугушуудан кийин КФУнун Аткаруу комитетинин жыйыны болуп, анда мурда бекитилген жол-жобону кайра карап чыгуу жана Премьер-Лига клубдарынын жалпы позициясын колдоо чечими кабыл алынды. Жаңы чечимге ылайык, азыркы 7/4 чектөө форматы 2027 жана 2028-жылдардагы сезондордо сакталып калат: бир убакта талаага жетиден ашык чет элдик оюнчу жана кыргыз жарандыгы бар төрттөн кем эмес оюнчу чыгарылбайт.






