Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы 10-ноябрдан баштап Вьетнамда машыгуу жыйынын өткөрөт.
KFS маалыматы боюнча, Урмат Абдукаимовдун командасы машыгуу жыйынынын алкагында Кытай Тайбэй жана Вьетнам менен эки жолдоштук беттеш өткөрөт.
Беттештер 2026-жылдагы VFF Эл аралык достук кубогунун алкагында 13 жана 15-ноябрда өтөт.
Оюндар Нам Динь шаарындагы Тьен Чуонг стадионунда өтөт.
Машыгуу жыйыны жана беттештер 2027-жылдын январында Сауд Арабиясында өтө турган Азия Кубогунун финалына даярдык катары өткөрүлөт.
Оюндардын графиги:
11-ноябрь:
Вьетнам - Кытай Тайбэйи, саат 18:00
13-ноябрь:
Кытай Тайбэйи - Кыргызстан, саат 18:00
15-ноябрь:
Вьетнам - Кыргызстан, саат 18:00






