26-октябрда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Урмат Асанбаев Индия Республикасынын Бенгал мамлекеттик крикет федерациясынын делегациясын кабыл алды.
Sport.gov.kg сайтынын маалыматы боюнча, жолугушууда Индия делегациясынын өкүлү Нитин Мина Бенгал мамлекеттик крикет федерациясынын Кыргызстандагы улуттук крикет федерациясын түзүү ниетин билдирди.
Федерациянын өкүлдөрү Навинеш Джавара жана Ранжан Саху долбоордун келечегин талкуулашты.
Агенттиктин директору Урмат Садырович Кыргызстандагы крикетти өнүктүрүүгө жана индиялык тарап менен кызматташууга кызыкдар экенин билдирип, делегацияга келгени үчүн ыраазычылык билдирди.
Жолугушуунун жыйынтыгында Крикет федерациясынын өкүлдөрү крикетти Кыргыз Республикасынын спорт түрлөрүнүн бирдиктүү реестрине киргизүү үчүн Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигине арыз даярдап, тапшырууга макул болушту.






