Азия Олимпиадалык Кеңешинин (АОК) маалыматы боюнча, 2026-жылы Сауд Арабиясынын Эр-Рияд шаарында өтө турган 6-Азия жабык имараттардагы жана мушташ өнөрү оюндары кийинки жылга жылдырылды.
АОК менен Уюштуруу комитетинин биргелешкен билдирүүсүнө ылайык, мелдеш 2027-жылдын 28-мартынан 8-апрелине чейин өтөт.
Кайра жылдыруу уюштуруу жана логистикалык маселелерди карап чыгууга байланыштуу. Уюштуруучулар бул чечим спорттук календарды жакшыраак координациялоого жана кеңири катышууну камсыз кылууга мүмкүндүк берерин белгилешти.
Оюндарга 45 өлкөдөн 4500дөн ашык спортчунун катышуусу күтүлүүдө.






