Кыргызстандык спортчулар Сенегалда өтө турган Жаштар Олимпиада оюндарына катышат.
Оюндардын төртүнчүсү 31-октябрдан 13-ноябрга чейин Дакар, Диамдиадо жана Сали шаарларында өтөт.
Жалпысынан 2700 спортчу 25 спорт түрү боюнча 153 медаль үчүн күч сынашат.
Кыргызстандын курама командасынын курамында төрт спорт түрү боюнча беш спортчу болот.
Белгилей кетүүчү нерсе, Дакар 2026 Жаштар Олимпиада оюндары Африкада өткөрүлгөн тарыхтагы төртүнчү жана биринчи Олимпиадалык спорттук иш-чара болот.






