Кыргызстандын Автоспорт Федерациясы Эл аралык Автоспорт Биримдигине (UIM) толук кандуу мүчөлүк статусун алды.
UIM президенти Рафаэль Чиулли узак мөөнөттүү кызматташууга кызыкдар экенин билдирип, спортту биргелешип өнүктүрүүгө болгон милдеттенмесин ырастады.
Толук мүчөлүккө ээ болуу Кыргызстан үчүн эл аралык деңгээлде кызматташуу, дүйнөлүк деңгээлдеги мелдештерди өткөрүү жана улуттук инфраструктураны өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.
Кыргыстан эл аралык аренада өзүнүн позициясын ишенимдүү түрдө бекемдеп, Борбордук Азиядагы автоспорттун флагманына айланууда.
- UIM жана Кыргыз Федерациясы келечекке көз чаптырып, туруктуу өнүгүүгө, эл аралык байланыштарды кеңейтүүгө жана жаңы амбициялуу долбоорлорду ишке ашырууга басым жасап жатышат, - деп айтылат билдирүүдө.






