Кыргызстандык мушкер Фарида Абдуева UAE Warriors лигасынын чемпиондук курун жеңип алды. Ал Абу-Даби шаарында өткөн UAE Warriors 74 турниринин башкы беттешинде бразилиялык Мишель Оливейраны жеңип, чемпиондук наамга ээ болду.
52 кг чейинки салмак категориясында өткөн беттеш беш раундга созулду. Калыстардын бир добуштан чыгарган чечими менен жеңиш кыргызстандык спортчуга ыйгарылды.
«Мен абдан бактылуумун! Бул укмуштуудай мүмкүнчүлүк үчүн чоң рахмат. Беттешке даярдык көрүү абдан оор болду, бирок биз максатыбызга жеттик. Машыктыруучуларыма жана мени колдогон бардык адамдарга ыраазычылык билдирем. Кыргызстан, алга! Беттешти мөөнөтүнөн мурда да бүтүрө алмакмын, бирок бүгүн андай болгон жок. Алдыга жылабыз жана мурдагыдай эле күчтүү болуп кайтып келебиз», — деди Абдуева мелдештен кийин.
Фарида Абдуева буга чейин да эл аралык аренада бир катар ийгиликтерге жетишкен. 2025-жылдын апрель айында ал казакстандык Аян Турсынды жеңип, OCTAGON лигасынын чемпиону болгон. Ошол эле жылдын ноябрында бразилиялык Сильвания Монтейрону нокаутка учуратып, чемпиондук наамын ийгиликтүү коргогон.
2026-жылдын май айында Абдуева Road to UFC мелдешинин чейрек финалында кытайлык Фэн Сяоцанды техникалык нокаут менен жеңген. Бирок август айында өткөн жарым финалда түштүк кореялык Пак Бо Хёнго калыстардын чечими менен утулуп калган.
UAE Warriors лигасынын чемпиондук курун жеңип алуу менен Фарида Абдуева карьерасындагы дагы бир маанилүү ийгиликке жетишти. Ал эл аралык ММА аренасында Кыргызстандын намысын коргоп келе жаткан саналуу кыргызстандык мушкер кыздардын бири.
Супер жаңылыктар / ММА
ФАРИДА АБДУЕВА UAE WARRIORS ЛИГАСЫНЫН ЧЕМПИОНУ БОЛДУ
19:47 | 25 октября 2026
0
0
142
0






