Бүгүн, 25-октябрь күнү Ош шаарынын “Төлөйкөн” ат майданында көк бөрү боюнча облустар аралык чемпионаттын финалдык беттештери өтүүдө.
Чемпиондук үчүн мелдеште Талас облусунун командасы менен Чүй облусунун командасы ойноду. Натыйжада Чүй облусунун командасы Талас облусунун командасын 8:4 эсебинде утту.
Көк бөрү боюнча республикалык чемпионат 21-октябрда башталган. Ага 6 команда катышып, алар А жана В тобуна бөлүнүшкөн.
Тайпалык оюндардын натыйжасында Талас облусу менен Чүй облусу финалга чыккан. Ал эми Ысык-Көл менен Ош облусу 3-орун үчүн ойноо укугуна ээ болгон. 1-орун - Чүй обоусу - 1 млн сом;
2-орун Талас облусу - 500 миң сом;
3-орун - Ош облусу 250 миң сом;
4-орун - Ысык-Көл - 150 миң сом.








