Көк бөрү боюнча 2026-жылкы Кыргызстандын чемпионатында алтын медаль үчүн ат салыша турган командалар аныкталды. Финалда Чүй жана Талас облустарынын курама командалары күч сынашат.
Мелдеш ушул күндөрү Ош шаарындагы «Төлөйкөн» ат майданында өтүп жатат. Чемпиондукка жалпысынан алты команда катышып, эки тайпага бөлүнгөн.
23-октябрда тайпалык баскычтын акыркы оюндары өткөрүлдү. А тайпасында Чүй облусунун курама командасы эки беттеште тең жеңишке жетип, биринчи орунду ээледи жана финалга жолдомо алды.
Ал эми Б тайпасында финалга чыгуу үчүн Талас жана Ош облустарынын командалары беттешти. Жыйынтыгында таластык көк бөрүчүлөр 4:3 эсебинде жеңишке жетип, финалга чыкты.
25-октябрда Чүй жана Талас облустарынын командалары чемпиондук наам жана алтын медаль үчүн ойношот. Ал эми Ысык-Көл жана Ош облустарынын курама командалары үчүнчү орунду талашат.
Ош шаарынын жана Баткен облусунун командалары чемпионаттагы оюндарын жыйынтыкташты.






