Кыргызстандык спортчу Айша Кыялбекова учурда Сенегалда өтүп жаткан жаштар Олимпиада оюндарында коло медалды жеңип алды.
16 жаштагы Айша Кыялбекова (машыктыруучусу Алибек Чороев) 2-ноябрда дзюдо боюнча 63 кг салмактагылар арасында күч сынашты.
Бул сыйлык Кыргызстандын бул оюндардагы биринчи жана кыргыз аялдар дзюдосунун тарыхындагы биринчи Олимпиада медалы болду!
ӨТМӨНКҮ МААЛЫМАТ
Төртүнчү жаштар Олимпиада оюндары 31-октябрдан 13-ноябрга чейин Сенегалдын Дакар, Диамдиадио жана Сали шаарларында өтүп жатат.
Жалпысынан 2700 спортчу 25 спорт түрү боюнча 153 медаль үчүн күч сынашууда. Кыргызстандын курама командасынын курамында төрт спорт түрү боюнча беш спортчу бар: сууда сүзүү, жеңил атлетика, дзюдо жана бокс.






