20-октябрдан 25-октябрга чейин Ош шаарындагы Төлөйкөн ипподромунда көк-бөрү боюнча кыргыз чемпионаты өттү. Ал көк-бөрү федерациясынын 30 жылдыгына карата өткөрүлдү.
Кыргыстан Республикасынын көк-бөрү федерациясынын (kokboru_federation) маалыматы боюнча, турнирге алты команда катышып, А жана В топторуна бөлүнүштү.
Турнирдин финалдык беттешинде Чүй облусунун командасы Талас облусунун командасын 8:4 эсебинде жеңди, ал эми үчүнчү орун үчүн беттеште Ош облусу Ысык-Көлдү 9:5 эсебинде жеңди.
Өткөн жылы улуттук чемпионат Нарында өткөн. Талас облусунун командасы финалда Чүй облусун 10:4 эсебинде жеңип, жеңишке жетишкен.
Жыйынтыктар:
- 1-орун - Чүй облусу - 1 миллион сом;
- 2-орун - Талас облусу - 500 000 сом;
- 3-орун - Ош облусу - 250 000 сом;
- 4-орун - Ысык-Көл облусу - 150 000 сом.
Мыктылардын мыктысы:
- Мыкты оюнчу - Исхак Бекболот уулу;
- Мыкты коргоочу - Кутман Бакытбек уулу;
- Мыкты чабуулчу - Байыш Акылбек уулу;
- Мыкты жаш оюнчу - Майрамбек Абдраимов;
- Мыкты айгыр - Байтору;
- Мыкты калыс - Иман Айдаралиев.






