Кыргызстандык спортчу Нурсултан Кеңешбеков 25-октябрда Казакстандын Түркстан шаарында өткөн эл аралык Түркстан марафонунда жеңишке жетти.
Almaty-marathon.kz сайтынын маалыматы боюнча, Нурсултан Кеңешбеков 21,95 чакырымдык жарым марафонду чуркап өтүп, биринчи болуп марага келди. Анын убактысы 1 саат 5 мүнөт 57 секунд (01:05:57.80) болду.
Дагы бир кыргызстандык өкүл Александр Салахудинов ошол эле аралыкта алтынчы орунду ээледи (01:11:13.60).
Бообек Мамытов 12-орунда, Мария Коробицкая 15-орунда, Илья Тяпкин 16-орунда жана башкалар келишти.
Айтмакчы
Бул жеңиш Кеңешбековдун бул жарышта катары менен үчүнчү жеңиши болду. 2024-жылы ал 1 саат 2 мүнөт 48 секунддук улуттук рекорддук убакытта жеңишке жеткен.






