Forbes журналынын маалыматы боюнча, Сауд Арабиясынын «Аль-Наср» клубунун португалиялык чабуулчусу Криштиану Роналду 2 миллиард доллар киреше тапкан биринчи активдүү спортчу болду.
Аналитиктердин эсептөөсү боюнча, ал 2026/27 сезонунда клубунан 250 миллион доллар киреше табат. Дагы 50 миллион доллар жарнамалык акциялардан жана бизнес ишканаларынан түшөт.
Басылманын маалыматы боюнча, «Интер Майами» клубунун аргентиналык чабуулчусу Лионель Месси келерки жылы 2 миллиард долларлык чекти ашып, жалпы кирешеси 145 миллион еврону түзөт деп күтүлүүдө.






