КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ГИРА СПОРТУНУНТАРЫХЫ: ЖЕТИШКЕНДИКТЕРИ ЖАНА ӨНҮГҮҮ ПЕРСПЕКТИВАЛАРЫ
Аннотация: Кыргыз Республикасында спорттун өнүгүү тарыхы, анын пайда болушунан баштап азыркы жетишкендиктерге чейин каралат. Кыргызстандагы гираспорту бай тарыхка жана андан ары өнүктүрүү үчүн олуттуу потенциалга ээ. Кыргызстандагы тарыхый жолун талдоо анын азыркы абалын түшүнүү жана андан аркы өнүгүү багыттарын аныктоо үчүн зарыл. Ата мекендик жана россиялык спортчулардын спорттун бул түрүн өнүктүрүүгө кошкон салымы баса белгиленип, алдынкы гира көтөрүүчүлөрдүн жетишкендиктери көрсөтүлүп, Кыргыз Республикасынын гира спортунунфедерациясынын гира көтөрүү кыймылын жайылтуудагы жана институтташтыруудагы ролу талданды. Атактуу спортчуларга, алардын эл аралык аренадагы жетишкендиктерине, ошондой эле спорттун бул түрүн жайылтууга жана өнүктүрүүгө машыктыруучулардын жана калыстардын кошкон салымдарына өзгөчө көңүл бурулган. Учурдагы тенденциялар талдоого алынып, өлкөдө гира спортунун мындан ары өнүктүрүүнүн перспективалары белгиленген. Эмгектин дене тарбия тармагынын адистери, машыктыруучулары жана Кыргызстандын спорт мурасын изилдөөчүлөрү үчүн илимий-практикалык мааниге ээ.
Түйүндүү сөздөр: гира көтөрүү, Кыргызстан, тарых, спортчулар, машыктыруучулар, калыстар, өнүгүү, мелдештер, популярдуулук .